КАРА ТМИН
КАПСУЛДАГЫ МУЗДАК
СЫГЫМ МАЙЫ

КАРА ТМИНДИН ДАРЫЛЫК КАСИЕТТЕРИ
АНЫН КУРАМЫНДА
Каныкпаган жана каныккан майлуу кислоталар, фосфолипиддер (анын ичинен 46% фосфатидилхолиндердин үлүшүнө келет), 15 аминокислота (анын ичинде аргинин), алардын ичинен 8 — алмаштырылгыс, каротиноиддер А витамининин жол көрсөткүчтөрү.
A, С, D, Е витаминдери, B тобунун витаминдери (B1, B2, B3, B6, B9).
Фитостеролдор (бетаситостерин, ампестерин, стигмастерин ж.б. ), флавоноиддер, ийлөө заттары, полисахариддер жана моносахариддер (глюкоза, ксилоза ж.б.), тритерпен сапониндери, эфир майлары (1,3% чейин).
Макро- жана микроэлементтер (калий, натрий, фосфор, кальций, марганец, темир, цинк, жез, селен, никель жана башкалар).
ДАРЫЛОО-ПРОФИЛАКТИКА ЖАСОО КАСИЕТТЕРИ
ЖАНА КОЛДОНУУ ЧӨЙРӨЛӨРҮ
Кара тмин 1400-жылдан ашык колдонуу тарыхына ээ. 1959-жылдан тарта өткөрүлүп келген 200дөн ашык университеттик изилдөөлөр кара тминдин салттуу колдонуусунун өзгөчө эффективдүүлүгүнө күбө болушат.
1. Кант диабети
Кара тмин майын колдонууну жана жагымдуу тамактанууну айкалыштыруу ІІ даражадагы диабет менен күрөшүүгө көмөк көрсөтөт. A, D, E, В1 жана В3 витаминдери, жана ошондой эле калий, цинк, марганец, фосфор жана майда камтылган аминокислоталардын кошундулары инсулиндин табигый синтезаторлору болуп саналат да, кандагы канттын деӊгээлин төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.
2. Бөлүп чыгаруу системасынын оорулары
Кара тмин майы көрүнүп турган бактерициддик, сезгенүүгө каршы жана зара куболоочу касиеттерге ээ болот да, ошондуктан сийдик-таш ооруларынын, нефриттин, пиелонефриттин, циститтин, уретриттин жана сийдик чыгаруу системасынын органдарынын башка ооруларынын профилактикасында жана аларды комплекстүү дарылоодо эффективдүү.
3. Жогорку жана төмөнкү дем алуу жолдорунун оорулары
Препарат какырык чыгаруучу жана бронхторду кеӊейтүүчү таасирге ээ, какырыкты суюлтат да, ошону менен ал жөтөлгө жана кургак учук жана пневмония сыяктуу олуттуу ооруларды дарылоодо да абдан эффективдүү. Майдын сезгенүүгө каршы, вируска каршы жана бактерициддик касиеттери бронхит, гайморит, КРВИ чакырган сезгенүү процесстерин басат. Мындан сырткары, кара тмин майы бронх астмасы жана дем алуу аллергиялары менен күрөшүүгө да жардам берет.
4. Алсыздык, чарчоочулук, апатия
Май простагландин Е1дин иштелип чыгышына өбөлгө түзөт да, ал айыктыруучу жана сергитүүчү эффекттерди берет. Ал эми фосфолипиддер, цинк, магний жана В тобунун витаминдери мээнин активдүүлүгүн жакшыртат. Улуу Авиценнанын «Врачтык илимдин канондору» китебинде кара тмин энергиянын активдешине өбөлгө түзүп, аны менен бирге алсыроону жана чарчоону жеӊип чыгууга көмөк көрсөтөөру айтылган. Иммундук системага аны жалпы бекемдетүү таасирин тийгизет, жана эң маанилуу бул-антиаллерген болуп саналат.
5. Жүрөк кан тамыр системасынын оорулары
Кара тмин майы кан тамырларды кеӊейтүү, ашыкча суюктукту чыгаруу жана кан басымды төмөндөтүү касиеттерине ээ. Ал кан тамыр капталдарынын чоюлчаактыгын жогорулатат, алардын морттугун жоёт, холестериндин деӊгээлин төмөндөтөт жана атеросклероздун пайда болушунун алдын алат, жүрөктүн жана кан тамырлардын сезгенүү ооруларынын пайда болушуна жолтоо болот. Профилактика катары майды улгайган адамдарга үзгүлтүксүз колдонуу сунушталат.
6. Тамак сиңирүү органдарынын оорулары
Препарат табитти жакшыртууга өбөлгө түзөт, ашказандын жана ичегилердин жыйрылуусун активдештирет, карын зилинин кычкылдуулугун нормалдаштырат, ичегилердин флорасын калыбына келтирет, өт чыгаруу таасирин берет, өттүн иштөөсүн нормалдаштырып, тамак сиӊирүү системасынан токсиндерди чыгарат. Анын антиоксиданттык жана гепатопротектордук касиетери сезгенүү процесстерди жок кылгандыктан жана ар кандай боор ооруларынан, анын ичинде боор ишемиясынан, цирроздон жана гепатиттен айыгууга өбөлгө түзгөндүктөн, боор үчүн абдан пайдалуу. Ошондой эле эффективдүү глисттерге каршы каражат катары колдонулат.
7. Ревматизм жана бел оорулары
Ревматизмдин көбүнчө түрлөрү оорулардын аутоиммундук тобуна кирет да, иммундук системанын толук кандуу эмес иштөөсүн көрсөтөт. Ревматизм ошондой эле организмдин интоксикациясынан келип чыгат. Кара тминдин майы сезгенүүгө каршы таасирге ээ, кристаллдашууну төмөндөтөт жана дененин оорулуу аймактарында кан айланууну жакшыртат. Ошондуктан ревматизмде кара тмин майы ичүүгө да, жабырланган аймактарды укалоо үчүн сыртка да колдонулат.
8. Семирүү
Препаратты үзгүлтүксүз колдонуу логикалык натыйжасы семирүү болгон метаболизм синдромунан (зат алмашуунун жайлашы) кутулууга жардам берет. Майды колдонууда метаболизм бир кыйла тез жана туура болуп, организм табигый түрдө холестеринден арылат да, тамактанууга болгон табит азаят.
9. Ар түрдүү нерселерден келип чыккан аллергия
Ушул убакка чейин илим адамда эмне себептен аллергиянын бул же тигил түрү пайда болгондугун аныктоого күчү жетпей келет да, врачтар бир гана анын натыйжалары менен күрөшүүгө аргасыз болушат. Кара тминдин майын колдонуу тери жана респиратордук аллергиялык реакцияларынын көрүнүштөрүн төмөндөтүүгө өбөлгө түзөрү далилденген.
10. Иммунитетти жогорулатуу
Кара тминдин майын үзгүлтүксүз колдонуу бүткүл организмди, анын ичинде организмдеги коргоочу күчтөрдү жөнгө салып, бөлүштүргөн жана кандын коргоочу клеткалардын (Т-лимфоциттердин жана Т-киллерлердин) санын стабилдештирген богок безин стимулдаштырат. Ошондой эле май чучуктун клеткаларын иштетип чыгарууну стимулдаштырууга жана анын функциялык абалын жакшыртууга жөндөмдүүлүгү менен белгилүү. Бул Түштүк Калифорниянын Рак-Иммунобиологиялык Лабораториясынын изилдөөчүлөрү тарабынан тастыкталган.
11. Геморрой
Геморрой адатынча организм зарыл болгон азыктандыруучу заттарды толук албагандыктан жана ичеги инфекцияларынан келип чыгат. Кара тминдин майын үзгүлтүксүз колдонуу бул эки көйгөйдү теӊ чечет. Мындан сырткары, геморройдо препарат сыртка колдонулуучу примочкалар катары да колдонулат.
12. Стоматологиялык көйгөйлөр
Майдын бактерияга каршы, сезгенүүгө каршы жана оорутпоочу таасирлери тиштердин жана бүйлөлөрдүн ооруларынын кеӊири спектрин жеӊүүгө жардам берет. Бул үчүн май жабыр тарткан жерлерге коюлат жана чайкоо үчүн да колдонулат. Мындан сырткары аны жабырланган тараптан жаактын айланасына да сүйкөсө болот.
13. Бала эмизүү менен байланышкан көйгөйлөр
Кара тминдин майын тамак-ашка үзгүлтүксүз колдонуу лактацияны (бала эмизген аялдын сүт бездериндеги сүт чыгаруу процесси) стимулдаштырат. Эмчек учтары кесилгенде ал жерлерге май сүйкөө жардам берет – бул алардын эффективдүү жана тез айыгуусуна жардам берет, оорууну төмөндөтөт, инфекцияланууга тоскоолдук жаратат.
14. Тери жана чачтарды дарылоо жана аларга кам көрүү
Препарат косметологияда абдан кеӊири колдонулат. Кара тмин майынын бактерициддик, сезгенүүгө каршы, вируска каршы, грибокко каршы жана аллергияга каршы таасири теринин жана чачтын грибоктон жабырлануусу, безетки, экзема, дерматиттер, бөрү жатыш, псориаз, сөөл, герпес, чакалай, тери каптамынын жарааттары, чач түшүү жана агаруу менен күрөшүүдө эффективдүү болуп саналат. Кара тмин майынан жасалган маскалар бырыштарды жазылтууга өбөлгө түзөт, безеткилерден арылтат, терини сергитип анын серпилгичтигин жогорулатат, кан айланууну жакшыртат.
ДОКУМЕНТАЦИЯ
ПИКИРЛЕР
АДИСТИН
АКЫСЫЗ КОНСУЛЬТАЦИЯСЫ

Форманы толтуруп, бекер консультация алыӊыз:

Сиздн дартыӊызга «Кара тмин майы» туура келеби?
«Кара тмин майынын» пайдалуу касиеттери тууралуу көбүрөөк билиӊиз.
Аны колдонууга Сизде каршы көрсөтмөлөр жокпу?
Акысыз жеткирип берүүгө кантип буюртма таштаса болот?

Акысыз консультация алуу үчүн
байланыш берилмелериӊизди калтырыӊыз

КЫРГЫЗСТАН БОЮНЧА
АКЫСЫЗ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ!
Бул телефонго чалыӊыз
СУРООЛОРУӉУЗ КАЛДЫБЫ?
АЛАРДЫ БИЗДИН КОНСУЛЬТАНТКА БЕРИӉИЗ!
ДААРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТЫ БОЛУП САНАЛБАЙТ.
КАРШЫ КӨРСӨТМӨЛӨРҮ БАР.
КОЛДОНУУНУН АЛДЫНДА АДИС МЕНЕН КЕӉЕШИӉИЗ.
WhatsApp аркылуу маалымат